Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Иран АКШда дипломатты өлтүрүүнү пландаган деп камалган ирандык киши менен жолуктурууну талап кылды


Бул боюнча билдирүү кечээ Швейцариянын Тегерандагы өкүлүнө тапшырылды. Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле жок болгондуктан, Иранда АКШнын кызыкчылыгын Швейцария коргойт.
Мансор Арбабсиар өткөн айда “Ирандын атайын кызматтары менен биргеликте Сауд Арабстандын Вашингтондогу элчисин өлтүрүүнү пландаштырган” деген айып менен камалган. Арбабсиарда Ирандын да, АКШнын да жарандыгы бар.
Буга чейин Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи “АКШ атайылап эле дүйнөнүн көңүлүн Уолл Стриттеги проблемалардан башка жакка буруш үчүн ушул ишти ойлоп тапкан” деп сындаган болчу.

XS
SM
MD
LG