Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

7-апрель окуясы боюнча сот уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, соттук териштирүүдө күбөлөр менен жабырлануучулар суралат. Буга чейин 300дөн ашуун жабырлануучунун 200гө чукулу, 130дай күбөнүн 80ден ашууну суралган. Алардын катарында Бишкектин мэри Иса Өмүркулов, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев көрсөтмө беришкен.

7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүү өткөн жылы ноябрь айында башталган. Процесс жаза аткаруу кызматынын көзөмөл департаментинин имаратында өтүп жатат. Бул окуя боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 киши жоопко тартылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG