Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Москвада набыт болгон кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлөт


Москвада жол кырсыгына кабылып набыт болгон кыргыз жараны Суванбек Мамутбековдун сөөгү эксгумацияланып, мекенине кайтарылат. Бул тууралу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын жакындары элчиликке кайрылып, 10-сентябрда Балашихи шаарчасынан чыгып кеткен бойдон дайыны табылбай жатканын айтышкан. Сураштырып тактоо иштеринин жыйынтыгында Суванбек Мамутбековду ошол эле күнү Волоколам шоссесинде машина коюп кетип, каза болгону аныкталган. Анын сөөгү Истринский районундагы көрүстөнгө коюлган. Истра шаарынын ички иштер башкармалыгынын уруксаты алынып, ушу тапта эксгумация жасап, сөөктү Кыргызстанга алып келүү иштери жасалууда. Расмий маалыматтар боюнча, быйыл 8 айдын ичинде Орусиядан Кыргызстанга 102 жарандын сөөгү жөнөтүлгөн. Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын көпчүлүгү Москвада жашашат. (RK)

XS
SM
MD
LG