Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

БШК төрагасы кыргыз тилдүү гезиттерди жоопкерчиликке чакырды


БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн өткөн маалымат жыйынында массалык маалымат каражаттарын, айрыкча кыргыз тилдүү гезиттерди шайлоо темасын чагылдырууда жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Анын айтымында, айрым гезиттерде талапкерлерди ачык эле каралоо жүрүп жатат. БШК төрагасы мындай учурда Боршайком массалык маалымат каражаттарынын ишине кийлигишүүсүнө мыйзам жол бербей турганын кошумчалады.Үгут иштерин чагылдыруу үчүн БШК 40 телерадиокомпанияны жана 103 басылманы расмий каттоодон өткөргөн. (AI/RK)

XS
SM
MD
LG