Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Жапаров шайлоого катышпай турганын расмий билдирди


Президенттикке талапкер болуп катталган Акылбек Жапаров шайлоодон баш тартып жатканы тууралуу арызды Боршайкомго жолдоду. "Азаттыкка" БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, балким, бул арыз Боршайкомдун эртеңки жыйынында каралышы мүмкүн. Президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин маарадан өз эрки менен четтегендер буга чейин төртөө болчу - Марат Султанов, Нариман Түлеев, Исхак Масалиев жана Шамшыбек Медетбеков.Эгер БШК Жапаровдун арызын канааттандырса, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 19 болот. Түлеев, Масалиев, Медетбеков жана Жапаровдун аты-жөнү шайлоо бюллетендерине кирип калгандыктан, аларды ар бир шайлоо участкасында кол менен сызып чыгышмай болду. Бюллетендерди басуу 10-октябрда башталган, 19-октябрда аяктайт. Жалпысынан 2 миллион 870 миңге жакын бюллетен басылып чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG