Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Иорданияда жаңы премьер-министр дайындалды


Падыша Абдалла II Иорданиянын жаңы премьер-министри кылып БУУнун Эл аралык сотунун судьясы Аун Хасаунехти дайындады жана аны саясий реформаларды жүргүзүүгө чакырды.

Алтымыш жаштагы Хасаунех премьер-министрдин кызматында Маруф ал-Бакитти алмаштырат. Саясий реформаларды жактабаган ал-Бакиттин өкмөт башчылыктан кетишин Иордан парламенти да колдоду. Аны менен бирге кызматтан Иорданиянын тышкы чалгын кызматынын башчысы да кетти.

Иорданияда бир нече айдан бери ар жекшембиде саясий жана экономикалык реформаларды талап кылган демонстрациялар өтүп келет. Падыша Абдалла демонстрацияга чыккандардын талаптарына бир нече ирет колдоо билдирген.

XS
SM
MD
LG