Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Иран АКШнын айыптоосун карап көрүүгө даяр


Иран АКШнын Тегеран Сауд Аравиянын Вашингтондогу элчисин өлтүрүү боюнча кутумду колдогон деген айыптоосун карап көрүүгө даярдыгын өлкөнүн тышкы иштер министри билдирди. Али Акбар Салехинин расмий ИРНА жаңылыктар агенттигине айтканына караганда, Тегеран АКШдан ошол айыптоону ырастай алуучу маалыматтарды сурады.

Иран тышкы иштер министрлиги мындан тышкары АКШ жарыялаган кутумга байланыштуу камакка алынган адам менен жолугушуу уюштурулушун талап кылууда.

АКШнын да, Ирандын да жарандыгына ээ Мансур Арбабсияр ысымдуу адам АКШда Саудиянын элчисин өлтүрүү боюнча кутумдун борбордук фигурасы катары өткөн айда камакка алынган.

Иран бийликтери андай кутумга тиешеси бардыгын кескин түрдө четке кагып, муну Вашингтондун коомчулук көңүлүн ички экономикалык көйгөйлөрдүн алагды кылуу аракети катары мүнөздөгөн.

Ирандын жогорку жетекчиси Али Хаменеи өлкөсүнүн ал “Батыштын кабыл алынгыс” деп атаган чараларына карата реакциясы катаал болорун айткан.

Бул аралыкта бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканына караганда, Орусия аталган маселе боюнча өз турумун аныктаганга чейин АКШнын Иранга карата айыптоосу боюнча далилдерди билгиси келет.

“Интерфакс” агенттиги Лавровго шилтеме берип кабарлагандай, АКШ Иран боюнча соңку айыптоосун талкуулоо үчүн Орусияга өкүлдөрүн жөнөтөт. Орусия Иран менен байланышта турган өлкө жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине вето сала алат.

XS
SM
MD
LG