Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Кыйноого каршы улуттук борборго 9 млн сом бөлүнөт


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тартип, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин отурумунда депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, аталган борборду каржылоого келерки жылдын бюджетинен тогуз миллион сом каралууда. Ал эми эл аралык уюмдар 20-30 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүүгө ниеттенүүдө. Депутат Бекешов белгилегендей, жаңы борбор абак жайлардагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү менен алектенет.


Кыргызстанда кыйноолорго каршы улуттук борбор уюштурууну караган мыйзам долбоорун Жогорку кеңештин профилдик комитети ушул айдын башында жактырган.

Адам укугун коргоочулар кыйноо Кыргызстандын тергөө абактарына мүнөздүү көрүнүш экендигин айтып келишсе, мындай фактылардын бардыгын бийлик өкүлдөрү да жокко чыгарышпайт. Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл салуу бөлүмүнүн башчысы Орозбек Бердыбаевдин дүйшөмбүдө “Азаттыкка” билдиргенине караганда,

-Быйыл тогуз айда 35 кылмыш иши козголгон. Булардын ичинен 23 адамдын үстүнөн 15 кылмыш иши сотко кетти. Учурда 11 иш тергелүүдө. Төрт кылмыш иш токтотулуптур. Жабырлануучулар баш тартканына байланыштуу беш кылмыш иш кыскартылыптыр.

Ушул жылдын соңунда Кыргызстанга БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы келет. (UE)

XS
SM
MD
LG