Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Оппозиция лидерлерин мамлекеттик күзөткө алуу демилгеси көтөрүлүүдө


Оппозиция лидерлерин мамлекеттик күзөткө алуу керек. Мындай демилгени 17-октябрда Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыкты. ЖК басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө” мыйзамга коалициялык көпчүлүккө кирбеген жана өзүн оппозиция деп жарыялаган фракция лидерлерин мамлекеттик күзөткө алуу боюнча толуктоо киргизилет.

Мыйзам долбоору айрым маселелерди аныктоо максатында өкмөткө жөнөтүлөт. Буга чейин аталган комитет президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн мамлекеттик күзөттү алып салуу боюнча мыйзамды жактырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG