Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Жайлоодогу биогаз жөнүндөгү сүрөт эл аралык сынакта жеңишке татыды


Кыргызстандык фотосүрөтчү Элеонора Казакова Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) уюштурган фотосынакта экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунан "Азаттыкка" маалымдашты. Сынакка энергетиканын жана транспорттун туруктуу өнүгүүсүн чагылдырган сүрөттөр катышты. ЕККУга кирген 35 өлкөдөн 140тан ашуун сүрөтчүнүн 300дөй эмгеги коюлду. Казакова “Биогаз эми жайлоодо” деп аталган сүрөтүн жиберген. Сүрөт 2011-жылдын июнь айында Дөң-Алыш айылындагы жайлоодо тартылган. Анда жылуулук жана жылуу суу алыш үчүн биогаз түзүлүшүн жайлоого орнотуп жаткан учур тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG