Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Бишкекте Кыргызстан-Пакистан сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат


18-октябрда Бишкекке бир күндүк иш сапар менен Пакистандын тышкы иштер боюнча федералдык министри Хина Раббани Кхар айым келди. Кыргызстандын тышкы саясый ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаев менен сүйлөшүүдө соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү, аймактык жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты. Кыргыз электр энергиясын Тажикстан жана Ооганстан аркылуу Пакистанга экспорттоо боюнча долбоордун шарттарына жана келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Ооганстандагы азыркы кырдаал боюнча эки тараптын тең позициялары бирдей экени, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү керектиги айтылды.

Кыргызстан да, Пакистан да учурда БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө талапкер болуп турушат. Кыргызстандын арызы 21-октябрда каралат. Президент Роза Отунбаева сентябрда Нью-Йоркко иш сапары маалында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтүүдө Кыргызстандын башкы атаандашы Пакистан экенин билдирген. Кеңешке жалпысынан 15 өлкө мүчө, анын бешөө туруктуу, калгандары туруктуу эмес деген макамды алып жүрөт. Бул уюмга мүчөлүк коопсуздук жана саясый окуялар боюнча чечим кабыл алууга, улуттук кызыкчылыктардын эске алынышына таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет. (RK)

XS
SM
MD
LG