Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

19-октябрга карата аба ырайы


19-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден кээ бир райондордо 10-14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7-12, күндүз 18-23,
Талас облусунда түнкүсүн 4-9 градус жылуу, күндүз 17-22,
Баткенде түнкүсүн 6-11, күндүз 18-23 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн абанын температурасы 8-13, күндүз 20-25 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1-6 градус жылуу, күндүз 11-16,
Нарында түнкүсүн 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болот, күндүз 13-18.
Тоолордо түнкүсүн 5-10 градус суук, ал эми күндүз 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 8-10 градус, күндүз 19-21 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG