Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Жалал-Абадда Сотторду тандоо кеңешине каршы митинг өттү


Бүгүн Жалал-Абад шаарында Кыргызстандагы сот реформасынын жүрүшүнө нааразы болгондордун митинги өттү. Ага эки жүздөй адам катышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Сотторду тазалоо" кыймылынын Жалал-Абад облусу боюнча координатору Арстанбек Жээнбеков билдирди. Митингчилердин пикиринде, "Сотторду тандоо кеңешинин иши тиешелүү натыйжа бербейт, себеби анын курамында таза эмес адамдар бар". Алгач облсоттун имаратынын алдында башталган митинг облпрокуратурага барып, соңунда областтык мамлекеттик администрацияда жыйынтыкталды. Нааразычылык билдирип келгендерди губернатор Азизбек Турсунбаев кабыл алып, эртең ушул маселе боюнча жыйын өткөрө турганын билдирди. Ага бүгүнкү митингдин уюштуруучулары да катышат. Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун билдиришинче, алар июнь окуялары, соода орундары жана окуучу кыздын жоголушуна байланыштуу соттордун чечимдерине нааразылык билдиришти. Облбийликтин укук коргоо иштери боюнча бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов акция катышуучуларынын талаптарын 19-октябрда сот, прокуратура кызматкерлеринин катышуусу менен талкуулоого ынандыргандан кийин алар таркап кетишти.(RK/YA)

XS
SM
MD
LG