Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Орусиялык жарандын өлүмүнө шектелгендердин тарапкерлери жол тосушту


Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектүү делген Базар-Коргон ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкеринин тарапкерлери бүгүн кезектеги нааразылык акциясын өткөрүп, Бишкек-Ош жолун тосушту. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдайт. Чогулгандардын саны 200дөй адам. Алар соттолуп жаткан милиция кызматкерлеринин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй абагына чыгарууну жана соттун адилет өтүшүн талап кылып жатышат. Соттолуучулар учурда Сокулук районунда тергөө абакта жатышат. 5-октябрда өткөн сот аларды үй абагына чыгаруу талабын орундаткан эмес. Эмки сот иши 19-октябрга белгиленген. 9-августта Базар-Коргондо Орусия жараны Усманжан Холмирзаевдин сабалып, набыт болушу боюнча 4 милиционерге карата кылмыш иши козголгон. 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан кайткандан кийин ал милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза тапкан. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG