Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Израил жоокерине абактагы палестиналыктарды алмашуу жүрүүдө


Израил мындан беш жыл мурда 19 жашында "Хамас"тобунун колуна түшүп калган Гилад Шалит атуу жоокерин куткарып алуу үчүн өз абактарынан 1027 кишини бошотот. Эркинен ажыратылган палестиналыктардын арасында террордук чараларга жана кол салууларга катышкан үчүн деген сыяктуу себептер менен кармалгандар жана өмүр бою абакка кесилген бир нече кишини да берет.

Кармалгандарды алмаштыруу эки баскычта жүрөт. Алгач Израил камоодогу 477 кишини бошотот, андан кийин "Хамас" Шалитти өткөрүп берген соң абактагы дагы 550 адамды бошотот.

Бүгүн абактагыларды алмаштыруу башталды. Боштондукка чыккан Гилад Шалит телеканалга курган маегинде "мындан ары Израил менен палестиндиктердин ортосундагы мамиле тынчтанат деген үмүттө" болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG