Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Британия 5 ирандыктын банк эсептерин камакка алды


Британия "АКШда Сауд Аравиянын элчисин өлтүрүүнү пландаштырган" деп шектелген 5 ирандыктын банк эсептерин камакка алды. Банк эсептери камалгандардын катарында “элчини өлтүрүүгө аракет кылган” деп АКШда айыпталып жаткан эки адам да бар. Британиянын тышкы иштер министри Уилиам Хейг Евробиримдиктеги башка мамлекеттерди да ушундай эле чара көрүүгө үндөдү.

Вашингтон өткөн аптада АКШда Сауд Аравиянын элчисине кол салуу пландалганын жарыялап, эки адамды камаган. Алардын бири Голам Шакури Ирандагы “Кудс” аскерий бөлүгү менен байланышта болгону айтылууда. Ал арада Иран Лондондогу элчилиги аркылуу дагы бир ирээт бул окуяга эч кандай тийиштиги жок экенин кайталады.

XS
SM
MD
LG