Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Түркия Кыргызстандагы парламенттик башкарууну колдоону улантат


Түркия Кыргызстандагы парламенттик башкарууну колдоону улантат. Бул тууралуу Түркия парламентинин вице-спикери Мерал Акшенер бүгүн Бишкекте өткөн "Көз каранды эмес Кыргызстандын калыптанышындагы парламенттин ролу" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.Анын айтымында, Түркия парламенттик башкаруу багытындагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Мындан тышкары, Түркия Кыргызстандагы президенттик шайлоонун тынч өтөөрүнө тилектештигин билдирет. Сентябрда Жогорку Кеңештин расмий делегациясы Түркияга барганда эки тараптуу парламенттик кызматташтыкты бекемдөө багытында келишимдер кабыл алынган. 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, 27-июнда өткөн бүткүл элдик референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, өлкөдө парламенттик демократия орноду. Мамлекеттик башкаруунун мындай формасына Борбор Азия аймагында жалгыз Кыргызстан гана өткөн. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG