Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Орусия жаранынын өлүмү боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат


Чүйдүн Сокулук райондук сотунда ушу тапта Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү өтүп жатканын кабарчыбыз билдирет. Соттолуучулардын күбөлөрү катары чакырылган Базар-Коргон райондук милициясынын кызматкерлери "алардын күнөөсү жок, андай ишке барбайт" деп көрсөтмө беришти. Соттолуучулар менен жабырлануучулардын тарапкерлеринин ортосунда бир аз кайым айтышуу болуп кетти. Жалпысынан, сот тынч өтүп жатат. Кечээ соттолуп жаткан милиционерлердин тарапкерлери кайрадан Бишкек-Ош жолун тосуп, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, үй камагына чыгарууну талап кылышкан болчу. Июнь окуясы боюнча 7-августта Жалал-Абаддын Базар-Коргон ички иштер башкармалыгына суракка чакырылган Холмирзаев үйүнө кайтканда аны милиционерлер сабаганын, акча талап кылышканын айтып, бир күндөн кийин каза болуп калган. Анын өлүмүнө шектүү деп 4 милиция кызматкери кармалган. Бирок алардын тарапкерлери тергөөгө жана сотко тоскоолдук кылышкандан, соттук териштирүүнү бейтарап жерде өткөрүү чечими кабыл алынган. Ишти Сокулук райсоту карап жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG