Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Ошто ичүүчү суу токтогонунан эл каналдан суу алууга аргасыз болууда


Ош шаарында 18-октябрда таза суу берүү убактылуу токтотулду. 20-октябрга чейин мурда пландаштырылган боюнча тазалоо иштери жүрүп жатканын шаар жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады. Кабарчыбыз Эрнист Нурматовдун маалымдашынча, бул сыяктуу профилактика жылына 2-3 жолу өткөрүлөт. Үч күн бою шаардыктар Ак-Буура дарыясынан же андан агып чыккан каналдардан суу ичип турууга аргасыз. "Манас-Ата" кичи районунда гана ичүүчү суу өчүрүлгөн жок. Оштун суу-канал башкармалыгынан "Азаттыкка" билдиришкендей, себеби, аталган кичи районго суу Мады участогунан келет. Калган райондор Ак-Буурадан камсыз кылынат. "Манас-Атадагы" профилактикалык иштердин тартиби башка. Тазалоо иштери борбордоштурулган системасы бар баардык шаарларда өткөрүлүп турат. Бишкекте да бул боюнча өз тартиби бар. Суу өчүрүлөөр алдында мэрия маалымат каражаттары аркылуу элди кабардар кылат. Ал эми ысык суу жыл сайын жайында бир айга өчүрүлөт.(ErN/RK)

XS
SM
MD
LG