Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Франсуа Олланд президенттикти Николя Саркозиден талашат


Франциянын Социалисттик партиясынан 2012-жылкы президенттик шайлоого талапкер болуп, 57 жаштагы парламентарий Франсуа Олланд тандалды. Анын атаандашы Мартин Обри айым 18-октябрда праймериз добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкпай жатып, жеңилгенин мойнуна алды. Франция тарыхында Кошмо Штаттардагыдай болуп биринчи жолу өткөрүлгөн праймеризде солчулдардын идеясын колдогон каалаган шайлоочу добуш бере алды.

Соцпартия өткөргөн шайлоодо Олланд 56 пайыз, ал эми Обри айым 44 пайыз добуш алды. Серепчилердин айтымында, праймериз шайлоо партия лидерлиги сыяктуу курч маселени чечип алганга көмөктөштү.

XS
SM
MD
LG