Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Президенттикке ат салышып жаткан 19 талапкер калды


Кыргызстандын президенттик кызматына ат салышып жаткан талапкерлердин саны 19. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Боршайкомдон айтышты. 18-октябрда БШКнын отурумунда талапкер Акылбек Жапаровдун талапкерликтен баш тартуу жөнүндөгү арызы каралып, канааттандырылды. Ага чейин катталган талапкерлердин ичинен дагы төртөө өз эрки менен маарадан чыгып кетишкен болчу. Шайлоо жарыяланганда президент болом деп БШКга кайрылгандардын саны 80ден ашкан. Алардын 24ү гана каттоодон өткөн. Шайлоо 30-октябрда болот. Шайлоо бюллетенине кирип, бирок ат салышуудан баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү ар бир бюллетенден кол менен сызылып чыгат. Бюллетендердин саны 2 миллион 800 миңдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG