Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

БШК: Жарандардын арыздарын кабыл алуу аяктады


Бүгүнкү күндөн шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө жарандардын арыздарын кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” кабарлады. Участкалык шайлоо комиссиялары 20-октябрга чейин жарандардын жеке идентификациялык номерин тактап, тизмеге киргизишкен. БШК шайлоочулардын толук жана так тизмесин түзүү үчүн ушундай тактоолор зарыл экенин билдирген болчу.

БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун “Азаттыкка” айтымында, шайлоочулардын болжолдуу тизмеси жарыялагандан тартып республика боюнча кошумча 22 миң адамдын аты-жөнү такталып, арыздын негизинде тизмеге киргизилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG