Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Жаңы конуштарда “Гүлазык” программасы ишке киргизилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) коомчулук менен байланыш координатору Ольга Гребенникова кабарлады. Иш-чаранын расмий ачылышы Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунда өтөт. Ага конуштагы ата-энелер, балдар чакырылган. “Гүлазык” программасынын алкагында бардык жаңы кошуштардагы алты айдан эки жашка чейинки 11 миң балага минералдык кошумчалары менен витаминдер акысыз таркатылат. Чакырылган конокторго театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG