Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Талапкерлердин телетаймашы уланууда


Бүгүн Коомдук телерадио корпорациясы аркылуу телетаймашка президенттикке талапкерлер Темирбек Асанбеков жана Курманбек Осмонов чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Боршайкомдун мүчөсү Жаркын Бапанова билдирди. Аталган талапкерлер менен чыга турган үчүнчү адам Акылбек Жапаров талапкерлигин алып койгон. Бапанова бош калган орундарга башка талапкерлерди жылдыруу мүмкүн эместигин жана жалгыз адам да теле таймашка чыга албасын кошумчалады. Талапкерлердин кийинки теледебаты 24-октябрда уланат.

Буга чейин талапкерлер Марат Иманкулов, Сооронбай Дыйканов, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Алмаз Каримов, Турсунбай Бакир уулу, Анарбек Калматов, Кубанычбек Исабеков жана Кубатбек Байболов чыгышты. Телетаймаш 27-октябрга чейин уланат. Теледебат коомчулукка түз эфирде көрсөтүлүүдө. Талапкерлердин теледебаттары коомчулукта жана интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG