Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Кыргыз-казак чек ара маселеси талкууланат


Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңеш жана Казакстан Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын экинчи жыйыны өтөт. Анда эки өлкө парламентарийлери миграция жана чек арадагы көзөмөл жүргүзүү боюнча кызматташуу маселесин талкуулашат. Ошондой эле бир катар маанилүү келишимдерди ратификациялоо да күн тартибине киргизилген. Мындан сырткары мамлекеттик чек аралар аркылуу өткөрүү бекеттери боюнча өкмөттөр аралык келишимди кароо пландалууда. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Казакстан Мажилисинини төрага орун басары Жанибек Карибжанов, эки өлкөнүн депутаттары катышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG