Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Франциянын президенти кыздуу болду


Француз президенти Николя Саркозинин жубайы Карла Бруни өткөн түнү кыз төрөдү. Бул – алардын биринчи перзенти.

Саркози Бруниге үйлөнгөнгө чейин эле үч уулдун атасы болчу. Карла Бруниде да буга чейин бир уулу бар эле. 43 жаштагы мурдагы супермодель Карло Бруни менен 56 жаштагы Саркози ал президент болуп шайлангандан бир жылдай мезгилден кийин баш кошушкан.

Ошентип, Саркози Франциянын тарыхында президенттиги учурунда перзенттүү болгон алгачкы мамлекет башчысы болуп калды.

XS
SM
MD
LG