Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Быйыл Кыргызстанда кутурма оорусунан 2 адам каза болду


Быйыл Кыргызстанда кутурма оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өтө кооптуу жана жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун эпидемиологу Аскер Ибраев билдирди.

Анын айтымында, эки өлүм тең Баткен облусунун Лейлек районунда катталды. Май айында өзүнүн короосунан эле кутурмага чалдыккан жолбун ит тиштеп, бир адам каза болгон. Ага учурунда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирок бир бөйрөгү жок, кургак учук менен ооруган ал кишинин иммунитети өтө төмөн болгондуктан, аны сактап калуу мүмкүн болбой калган. Сентябрь айында 4-класстын окуучусун суу жээгинде мал кайтарып жүргөндө кутурмасы бар жолбун ит тиштеген. Эч кимге айтпай жүрө бергенинен ага медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Көп өтпөй ал бала да каза болуп калган.

Аскер Ибраевдин айтымында, жылына 17-18 миң адам ит, мал тиштегени боюнча медициналык кызматкерлерге кайрылышат. Алардын ичинен кутурмага шектүүлөр болсо атайын дарылоодон өткөрүлүшөт. Былтыр кутурмадан каза болгондордун саны 3 адам болгон. Бул фактылар Баткенде жана Жалал-Абадда катталган. Жолбун иттерди, жаныбарларды кутурмага каршы эмдөө, аларды атуу боюнча мамлекет иш-чараларды аткарып келет. Бирок алар жетишсиз, системалуу түрдө жүргүзүлбөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG