Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Ташбаев: Эркин соода аймак келишими Кыргызстан үчүн жеңилдиктерди берет


Эркин соода аймагы келишиминин күчүнө кириши менен Кыргызстан үчүн жеңилдиктер болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаев билдирди.

Анын айтымында, келишимдин күчүнө кириши менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар, анын ичинде айыл чарба өнүмдөрү КМШга кирген өлкөлөргө бажы төлөмсүз кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

18-октябрда Санкт-Петербург шаарында КМШда Эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге Кыргызстандан сырткары Казакстан, Орусия, Тажикстан, Беларусь, Молдова, Украина жана Армения кол коюшту. Ал эми Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан макулдашууну изилдеп көрүүнү чечишкен. Бул келишимдер эми кол койгон өлкөлөрдүн парламентинде ратификацияланыш керек. Андан кийин күчүнө кирет.

Санкт-Петербургдагы өкмөт башчылардын жыйынында айтылган маалыматтар боюнча, КМШ аймагында өз ара сооданын көлөмү 134 млрд. долларга жеткен. Эркин соода аймагы боюнча келишим түзүү аракети 1990-жылдардын башында эле жасалган. Бирок ишке ашпай келаткан. (AiT/RK)

XS
SM
MD
LG