Мындан эки жарым жыл мурун Сузак районундагы А.Базаров атындагы орто мектептин 7- классынын окуучусу жоголгондугуна байланыштуу кылмыш ишти Жалал-Абад шаардык соту териштирип бүттү. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдайт.
Сот Кылмыш-жаза кодексинин 123- жана 315-беренелеринин негизинде “адамды анын эркине койбой уурдап кетүү, алдоо жолу менен башка жерде кармап туруу жана документти жасаганы үчүн айыптуу” деп таап, окуучу кыздын класс жетекчисин 6 жылга, ал окуган мектептин директору менен анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын ар бирин эки жылдан, дагы эки адамды түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратты. Бул кылмыш ишти териштирген шаардык соттун судьясы Токтосун Жоробеков 19- октябрда билдирди.
Мектептин жаза чектелген мугалимдери сотко “күбөлөр жетиштүү суралган жок жана жалган жалаанын негизинде соттоду” деп, наарызылык билдирип, анын өкүмүн жокко чыгаруу үчүн облустук сотко кайрылаарын билдиришти. (YA/RK)