Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Жалал-Абадда ар улуттун маданиятын даңазалаган фестиваль өттү


Бүгүн Жалал-Абад шаарынын жаштары облустук филармонияда ар улуттун маданиятын даңазалаган фестиваль өткөрүштү. Бул тууралуу Жаштар министрлигинен кабарлашты. Татарлардын, өзбектердин, казактардын, корейлердин, тажиктердин жана дунгандардын ыр-бийлери аткарылып, улуттук кол өнөрчүлүгүн, тамак-ашын тартуулаган көргөзмөлөр уюштурулду. Жалал-Абад облусунун 8 районунан жана 4 шаарынан келген 400дөй жаш улан-кыз катышты.

Былтыркы улут аралык коогалаңдан кийин эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жаштарды толеранттуулукка, ынтымакка үндөгөy бир катар долбоорлор ишке ашырылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG