Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Каддафи өлдү деп кабарланууда


Ливиянын Улуттук Убактылуу кеңешинин аскер башчыларына шилтеме берип, өлкөнүн сыналгысы кулатылган жол башчыы Муаммар Каддафи өлдү деп кабарлады. Бул маалымат расмий бышыктала элек.

Мунун алдында "Ал-Жазира" араб сыналгысы Каддафи туулган шаары Сиртте колго түшүрүлдү деген маалымат таркаткан. Ал эми Ливиянын Улуттук Убактылуу кеңешинин өкүлү Абдел Жалид Каддафи эки бутунан жараат алып, ооруканага алынып кеткендигин айткан.

Бийликтер Сирте шаары каддафичилерден бошотулгандыгын айтууда.

Баш калаа Триполини убактылуу бийликтин куралдуу күчтөрү август айында каратып алган.

XS
SM
MD
LG