Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Греция: демонстрациянын мезгилинде кагылыштар болду


Афиныда 20 миңдей киши катышкан акцияда кесиптик кошуундардын өкүлдөрү менен башка демонстранттардын ортосунда кагылыштар болгондугу кабарланды. Демонстрация катаң сарамжал чараларына каршы өтүүдө.

Грек мейманкана кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун жетекчиси Никос Папагеоргиу Ройтерс агенттигине буларды билдирди:

- Өкмөт кетмейинче бул күрөш токтобойт. Биздин дагы бир талабыбыз -азыркы кыйынчылыктарды пайда кылган монополисттик саясат токтотулушу керек. Биз аягына чейин турабыз.

Парламент бүгүн жаңы сарамжал планын талкуулап жатат. Бул чаралар Европа Биримдиги менен Эл аралык Валюта корунан 8 миллиард евро чукул жардамдын кезектеги траншын алуу үчүн талап кылынууда.

Сарамжал планында салыктарды көбөйтүү, айлыктарды кыскартуу каралып, жумуш орундары азайат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG