Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Апрель, июнь окуяларында жабыркандарга жардам берүүнүн жүрүшү каралат


Бүгүн Жогорку Кеңеште өткөн жылдын апрель, июнь окуяларында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга кандай жардам берилип жаткандыгы тууралуу маалымат угулат. Турак-жай куруп берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн, материалдык жардам көрсөтүү боюнча депутат Жылдызкан Жолдошева жана вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов маалымат беришет.

Жыйынга Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев, калкты социалдык коргоо боюнча министр Айгүл Рыскулова, саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков, башкы прокурор Аида Салянова, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын мэрлери жана башкалар чакырылган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул эле күнү табигый кырсыктардан жапа чеккендерге көрсөтүлүп жаткан жардам туурасында да маалымат айтылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG