Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Жалал-Абадда шайлоочулардын тизмелерине кошумча киргизилди


Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялары менен андагы ыкчам-топтордун бирдиктүү аракети менен мурда тизмеге жазылбай калган шаардын бир жарым миң тургуну тизмеге кошулуу арызын тапшырды. Андан сырткары башка жактардан келип, шаарда убактылуу жашап калган үч жарым миңден ашык адамдан да ушундай эле арыздар кабыл алынды. Мындай маалымат Жалал-Абад шаардык-аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Майрамбек Адылбековдон 21-октябрда алынды. Анын айтымында, шаарда 25 УШК түзүлгөн жана шайлоочулардын саны жаңыдан арыз бергендерди кошкондо мурдагы 35 миңден 40миңге жетти. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG