Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:41

Шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу аяктайын деп калды


Шайлоо бюллетендерин басып чыгаруу иши соңуна чыгайын деп калды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, 2-3 күндүн ичинде бюллетендер жер-жерлерге жеткирилет. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкерлердин саны - 19. Шайлоо бюллетенине кирип, бирок ат салышуудан баш тарткан талапкерлердин аты-жөнү ар бир бюллетенден кол менен сызылып чыгат. Бюллетендердин саны 2 миллион 800 миңдин тегерегинде болот. (RK)

XS
SM
MD
LG