Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Француз Гвианасындагы космодромдон орусиялык “Союз” ракетасы учурулду


Ракета космоско Евробиримдиктин "Галилео" деген навигациялык системасынын 2 сателлитин ташып кетти. Буга чеийн "Союз" орусиялык базалардан гана учурулуп келген. "Галилеонун" сателлиттери орбитага 4 сааттын ичинде жайгаштырылары күтүлүүдө.

Ракета кечээ учурулмак, бирок техникалык себептерден улам бүгүнкүгө которулган. 2020-жылга чейин европалыктар АКШ өкмөтүнүн карамагындагы GPS системасынан баш тартып, анын ордуна өздөрүнүн "Галилео" системасын колдонуп калышмакчы.

XS
SM
MD
LG