Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Уго Чавес рак оорусунан сакайып кеткенин билдирди


Венесуэланын президенти Уго Чавес рак оорусунан дарылануу курсу ийгиликтүү аяктап, сакайып кеткенин жар салды. Мамлекет башчы Кубадан дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин кечээ мекенине кайтып келген.

Жайында ага операция жасалып, шишик алынып салган. Ошондон бери Чавес бир нече химиотерапия курсун алган.

57 жаштагы солчул президент Венесуэланын башында 13 жылдан бери турат. Чавес кийинки жылдын октябрь айында өтүүчү шайлоодо дагы бир мөөнөт үчүн ат салышарын билдирген.

XS
SM
MD
LG