Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Клинтон: Пакистандагы стабилдүүлүк регион үчүн маанилүү


АКШ Ооганстандан качкан согушкерлерге Пакистан баш паанек болуп бербейт деп ишенет. Исламабадга сапары маалында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистандагы стабилдүүлүк бүтүндөй регион үчүн маанилүү деп белгиледи:

- Террорчуларды жок кылуу менен катар аларга чек аранын аркы жагынан баш паанек берүү оң жыйынтыкка алып келбеси түшүнүктүү. Бир тамсилде “кошуналарыңды гана чагат деген үмүттө корооңдун артында жылан бага албайсың. Бир күнү ошол жылан аны баккандарды чагат” деп айтылыптыр.

Мамкатчы Вашингтон жана Исламабад “Талибан” менен “Хаккани” тобунун Ооганстандагы тынчтык процессине камтылышын камсыздоого көңүл бурууга тийиш деди.

Пакистанга чейин Клинтон Кабулда болгон, бүгүн ал Дүйшөмбү шаарына, эртең Ташкентке жол тартат.

XS
SM
MD
LG