Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Түрк армиясы козголоңчуларга каршы операцияны улантууда


Түркиялык учактар түн ичинде күрд козголоңчуларынын түндүк Ирактагы базаларын бомбалоону улантышты. Түрк армиясынын билдирүүсүндө белгилегендей, операция негизинен Түркиянын Чукурча чөлкөмүндө жүрүүдө, анын чакан бир бөлүгү гана Иракта өтүүдө.

Расмий Анкара операцияны шаршембиде баштаган. Анын алдында күрд козголоңчулары түркиялык 24 жоокерди өлтүрүп кетишкен.

Ал тапта Түркия жана Иран күрд козголоңчуларына каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Анкарада түрк тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы менен Иран тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Али Акбар Салехинин жолугушуусунда сөз болду.

XS
SM
MD
LG