Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине тандалган жок


Кыргызстан Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтпөй калды. Жума күнү Башкы Ассамблеядагы добуш берүүнүн жыйнытыгында Кыргызстан - 55, Пакистан - 129 добушка ээ болду. Азия-Тынч океан аймагынан бир орунга Кыргызстан менен Пакистан талапкерлигин койгон.

Добуш берүүнүн биринчи айлампасында Пакистан менен бирге Марокко, Гватемала 2012-13-жылдары Коопсуздук кеңешине туруксуз мүчөлүккө өттү.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасында Азербайжан менен Словения Чыгыш Европа өлкөлөрүнө берилген 1 орун үчүн таймашат.

2012-13-жылдары Коопсуздук кеңешинде Африка жана Азия-Тынч океан чөлкөмүнө берилген 3 орунга Кыргызстан, Мавритания, Марокко, Пакистан жага Того ат салышкан.

Пакистан буга чейин 6 жолу (1952-53, 1968-69, 1976-77, 1983-84, 1993-94, 2003-04) БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруксуз мүчөлүгүнө шайланган.

Коопсуздук кеңешке 5 өлкө Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ туруктуу мүчө жана вето укугуна ээ. Ал эми кеңештин 10 туруксуз мүчөсү 2 жылдык мөөнөткө БУУга кирген өлкөлөрдүн жашыруун добуш берүүсү аркылуу тандалып турат.

XS
SM
MD
LG