Ак-Суу районунун көпчүлүк жашоочулары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу номурлары жок болгондуктан шайлоо тизмесине кирбей калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын райондогу узак мөөнөттөгү байкоочусу Мира Абдырайымова билдирди. Анын айтымында, райондун элин үймө-үй кыдыруу маалында шайлоо тизмесине мурда кирбеген шайлоочулардын ичинен 3000дей адамдын гана милдеттүү медициналык камсыздандыруу номурлары болгон. Маалыматка ылайык Ак-Суу районунда 32 миңге чукул шайлоочу бар. Шайлоочулардын тизмесин тактоо иши 20-октябрга чейин аяктаган эле. Шайлоо кодексине ылайык тизмеге кирбей калган шайлоочу добуш берүү укугунан ажыратылат. (MK/KKs)