Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Ирак өкмөтү АКШнын аскерлерди чыгаруу жөнүндөгү жарыясын кубаттады


Премьер-министр Нури ал-Маликинин кеңсеси тараткан билдирүүдө америкалык аскерлердин толугу менен кетиши “эки тараптын кызыкчылыгы үчүн жаңы стратегиялык алаканы баштоого мүмкүнчүлүк берет”,-деп айтылат.

АКШ президенти Барак Обама Иракта турган 40 миңдей жоокер бул өлкөдөн быйыл жыл соңуна чейин чыгарылары жөнүндө кечээ жарыялаган:

- Алдыдагы эки айдын ичинде биздин Ирактагы аскерлер жарак-жабдыгын жана техникасын жыйнап, үйгө жол тартат. АКШнын акыркы аскерлери Ирактын чек арасынан башын бийик көтөрүп, ийгилигине сыймыктанып жана америкалыктар аскерлерин колдоодо биримдикте экендигин билүү менен өтөт.

Обама мындай жарыяны кечээ АКШ күчтөрүнүн туруу мөөнөтүн узартуу, аларды машыктыруучу катары калтыруу боюнча сүйлөшүүлөр Ирак америкалык аскерлерге укуктук иммунитет берүүдөн баш тартканына байланыштуу оңунан чыкпай калгандан кийин жасагандай.

Бирок Ирак армиясынын Башкы штабынын башчысы Бабакар Зебаринин айтымында, Ирак АКШ менен Европадан сатып алган куралдарды пайдаланууга ирактык жоокерлерди үйрөтүш үчүн НАТО менен АКШнын айрым машыктыруучулары жыл аяктагандан кийин да турушун каалайт.

АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын билдиргенине караганда, Вашингтон Ирак менен аскерий машыктыруу маселеси боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бирок бул америкалык аскерлерди жайгаштырууну талап кылабы же жокпу, бул азырынча белгисиз.

АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш диктатор Саддам Хусейинди бийликтен кулатуу жана массалык кыргын салуучу куралдарды издөө үчүн Иракка басып кирүүгө мындан сегиз жарым жыл мурда буйрук берген. Саддам Хусейин бийликтен кулатылганы менен массалык кыргын салуучу курал табылган эмес.

XS
SM
MD
LG