Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 23-октябрда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын гана айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, калган облустардын көпчүлүк жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15, Баткенде түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -11…-16 градус, күндүз 0…-5 градус суук болору күтүлүүдө.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16 градус болот. (KKs)