Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кадаффанин өлүмү боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырышты


Ливиянын бийлигин Каддафинин өлүмү боюнча ачык-айкын түшүндүрмө берүүгө чакырып жатышат. Муаммар Каддафи ушул бейшемби күнү өлтүрүлгөн. Бирок бул окуядан кийин таратылган видеолордун бири ал кичи мекени Сирте шаарынын жанында Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү тарабынан кармалганда тирүү экенин көрсөтүүсү, ал кандай шартта мерт болгону боюнча суроолорду жаратты.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллай, Эл аралык "Мунапыс" уюму, Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Каддафинин өлүмү боюнча эл аралык иликтөө өткөрүүгө чакырышты.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаменти Ливия бийликтерин Каддафинин өлүмүнүн себептери жана жагдайлары боюнча “ачык-айкын” түшүндүрмө берүүгө үндөдү.

Мурдараак Улуттук өткөөл кеңештин өкүлдөрү Каддафи атышуу учурунда алган катуу жараатынан каза тапканын, ал атайлап өлтүрүлбөгөнүн билдиришкен.

Бул аралыкта Ливиянын азыркы бийликтеринде Каддафинин сөөгүн кайсыл жерге коюу боюнча мунаса жок экендиги кабарланса, Каддафинин уруулаштары аны Сирте шаарына коюу үчүн сөөктү берүүнү талап кылышууда.

Улуттук өткөөл кеңеш Ливия Каддафи режиминен биротоло бошотулгандыгын эртең расмий жарыялаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG