Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:21

Сауд Аравияда тактынын мураскери дүйнөдөн өттү


Султан бин Абдулазиз ал-Сауддун 1998-жылы тартылган сүрөтү.
Султан бин Абдулазиз ал-Сауддун 1998-жылы тартылган сүрөтү.
Саудиянын падышалык сарайынын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүсүндө ханзаада Султан бин Абдулазиз ал-Сауд бүгүн таңда чет өлкөдө оорудан улам каза тапканы айтылат.

Падыша Абдалланын бир тууганы, жашы сексенден ашып калган ханзаада июнь айынан бери АКШда дарыланып жаткан. Соңку кырк жылдан бери ал Саудиянын коргоо министринин кызматын ээлеп келген жана анын тушунда армияда маанилүү реформалар жүргүзүлгөн.

Сауд ханзаадасын акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү шейшемби күнгө белгиленди. Кабарларга караганда, тактынын мураскерлик укугу эми Саудиянын ички иштер министри, 78 жаштагы ханзаада Найефке өтөт.

XS
SM
MD
LG