Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Кувейттеги ок атуу мелдешинде кыргызстандык 3-болду


Ушул күндөрү Кувейтте өтүп жаткан ок атуу боюнча Азия оюндарында кыргызстандык Бактыгүл Махмадова үчүнчү орунга ээ болду. Кыргызстандын таамай ок атуу боюнча федерациясынын президенти Данил Ибраевдин билдиришинче, кыргызстандык Акбар уулу Нооруз 7-орунду, Руслан Исмаилов 6-орунду камсыз кылышты.

Азия оюндарына Кыргызстандын атынан таамай аткан 4 спортчу сапар тарткан. Оюндарга 30 мамлекеттен таамай ок атуучулар катышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG