Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Жаштар бийликти жаңылантуу аракеттерин улантат


Жигердүү жаштардын “Кебел” клубу 24-октябрдан тарта “Бийликти жаңылантуу” аттуу акция баштайт. Бул тууралуу аталган клубдун мүчөсү Наргиза Абдылдаева “Азаттыкка” билдирди. Акция алкагында клуб мүчөлөрү аймактардагы жаштар менен жолугушуу өткөрүп, бийликти жаңылоо боюнча сурамжылоо уюштурат. Чогулган ой-пикирлер негизинде “Кебел” мамлекеттин өнүгүү программасын иштеп чыгып, бул боюнча стратегия сунуштайт.

Клубга мүчө жаштар укук коргоо жаатында иш алып барган башка бейөкмөт уюмдар менен бирге алдыда өтө турган президенттик шайлоого карата Кыргызстан аймактарын кыдырып жаш шайлоочулар үчүн атайын тренинг-семинарлар өтүп келди. Азыр иштеп жаткан жаңы Шайлоо Кодекси тууралуу семинарлар 20-октябрда жыйынтыкталды. (ЕК)

XS
SM
MD
LG