24-октябрда Кыргызстанда Улуттар уюмунун күнү белгиленет. Бул күндүн урматына Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтө турган иш чарага президент Роза Отунбаева, БУУ туруктуу өкүлү Александр Аванесовдун да катышуусу күтүүлүдө.
Кыргызстан буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын сессия төрагасынын орун басарлыгына эки жолу шайланган, 2009-2012-жылдар үчүн Улуттар уюмунун адам укугу кеңешине кирген. 21-октябрда Нью-Йоркто өткөн добуш берүүдө Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги колдоо таппады. БУУнун расмий сайты маалымдагандай Кыргызстандын атаандашы Пакистан 129 добушка ээ болду.(ЕК)