Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Тунистиктер эркин жана көп партиялуу шайлоодо алгачкы ирет добуш берүүдө


Эки жүз он жети адамдан турган Учредителдик жыйынды шайлоо Тунисти 23 жыл башкарган Зин эл Абддин Бен Али бийликтен кулатылып, Сауд Аравияга качкандан тогуз айдан кийин өтүүдө. Бүгүнкү шайлоонун натыйжасында куралуучу Учредителдик жыйын жаңы убактылуу өкмөттү дайындап, бир жыл ичинде жаңы Конституцияны жазып чыгышы керек. Андан кийин жаңы парламенттик жана президенттик шайлоолор жаңы Баш мыйзамдын негизинде өтөт.

Божомолдор боюнча президент Бен Алинин тушунда тыюу салынган исламчыл Еннахда (Кайра жаралуу) партиясы Учредителдик жыйындан эң көп добуш алары күтүлүүдө. Бирок ал партия орундардын басымдуу бөлүгүн ээлейби же жокпу, бул азырынча анык эмес. Мурдагы режимде Бен Алинин кызматташы болгон утурумдук президент Фуад Мебазза жаңы Учредителдик жыйын президент катары тандаган кишиге, ал ким болбосун, бийликти өткөрүп берүүнү убада кылды.

Тунис - “Араб жазы” деп аталган окуялар башталган өлкөлөрдүн алгачкысы. Ал жерде быйыл жыл башында орун алган ыңкылап, башка араб өлкөлөрүнүн калкын да авторитардык режимдерге каршы көтөрүлүүгө шыктандырган. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун өз билдирүүсүндө бүгүнкү шайлоо өлкөнүн демократияга өтүүсүндө эбегейсиз мааниге ээ экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG