Биримдиктин лидерлери Брюсселдеги саммит аймактын жалпы акчасы - еврону, ага катар Европанын банктарын чыңдоо планы боюнча макулдашууга жетишүүгө жана рынокту Грециядагы карыз кризиси евроаймактын карызга баткан Испания, Италия сыяктуу башка өлкөлөрүнө жайылбашына ынандырууга көмөктөшөт деп үмүттөнүүдө.
Грециянын премьер-министри Жордж Папандреу жыйын алдында кабарчыларга азыркы кризис мындан ары Грециянын эле көйгөйү эместигин белгиледи:
- Кризис грек кризиси эместиги азыр далилденди. Бул Европанын кризиси. Андыктан биз азыр европалык катары чечкиндүү жана эффективдүү аракеттене турган учур.
Греция учурда дефолт болбош үчүн Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун насыясынын сегиз миллиард евро өлчөмүндөгү кезектеги бөлүгүн күтүүдө.